Сапардын максаттары

  • Германиянын академиялык окуу жана изилдөө системасына киришүү
    • Илимий жогорку окуу жайлардагы, колдонмо илимдер университеттериндеги, техникумдардагы окуу жана изилдөө (Берлин Гумбольдт университети, Росток университети, Оснабрюк колдонмо илимдер университети, Клеве Райн Ваал университети, Түндүк Рейн Вестфалия айыл чарба палатасынын Riswick чарбасы)
    • Университеттен тышкаркы изилдөө (Гросбеерен жашылча жана декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүү институту, Гюльцов талаа жашылчаларын өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүү борбору)
    • F&E айыл чарба техникасы (Харстедеги Amazone заводу)
    • Жеке байланыштарды түзүү
    • Университеттердеги кыргыз жана немис студенттеринин сүйлөшүүлөрү (Росток жана Клеве Рейн Ваал университеттери)
  • Түндүк Германия менен таанышуу
    • Ар кандай чоңдуктагы шаарлар (Берлин, Росток, Оснабрюк, Клеве)
    • Агрардык ландшафт (Мекленбург- Форпоммерн, Нидерзаксен, Түндүк Рейн-Вестфаль)
    • Маданият (Берлин, Росток жана анын айланасы, Клеве)
  • Неймеген шаарына кыскача визит, Нидерлания

Сапардын катышуучулары: Немис академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) стипендиясы менен 4- курстун бакалаврында жана 1- курстун  магистратурасында окуган 14 студент, ошондой эле бир жетекчи каржыланды. ДААДнын макулдугу менен немис, кыргыз жана орус тилдерин билген кыргыз котормочусу катышты.

Пландоо: Өткөн жылы программаны уюштурууга өзгөртүүлөр киргизилген. Мурунку жылдарга салыштырмалуу транспорт, жатакана  жана тамак- ашка ар бир катышуучуга жалпы суммадагы каражат берилди.  Ошондон бери окуу- таанышуу сапарын пландоо жана жүргүзүү жалгыз гана жетекчинин (уюштуруучунун) колунда. Өзгөчө, эгер Германияда жеке байланыштар, жеке тажрыйбасы аз жана тил билими чектелүү болсо, бул өзгөртүүлөр Кыргызстанга окшогон мамлекеттердеги жогорку окуу жайдагы окутуучулар үчүн сапарды пландоону жана ишке ашырууну аябай эле татаалдантат.  Түнүй турган жерлерди жана транспортторду брондоо,  резервтөө жана алдын ала төлөөлөрдү Бишкектен жүргүзүү жетекчи үчүн аябай эле тоскоолдук болуп эсептелет. Ал тоскоолдукту эч кандай колдоо жок өтүп кетүү мүмкүн эмес.

Транспорт: Шаарлардын ичинде коомдук транспорттор колдонулду жана ошондой эле кээ бир аралыктарды жөө басып өттүк. Росток жана Клеве шаарларындагы күндүзгү сапарлар кичинекей автобустар менен жүргүзүлдү. Узун аралыктар (Берлин- Росток, Росток- Оснабрюк, Оснабрюк- Клеве, Клеве- Дюссельдорф) багажка байланыштуу чоң туристик автобустар менен коштолду.

Түнөө: Түнөөлөр хостелдерде өз өзүнчө (балдар өзүнчө жана кыздар өзүнчө) көп кроваттуу бөлмөлөрдө өткөзүлдү.Ксантендеги эс алуу дыйкан короо- жайында эки сый жай (апартамент) ижарага алында. Тажрыйбалардын баары жакшы болду.

Тамактануу: Эртең мененки тамак бардык түнөөлөрдө чогуу каралган, ошондой эле чогуу брондолгон. Түшкү тамак – кай жерде экенине байланыштуу – студенттик ашканаларда жана буфеттерде берилди. Кечки тамакты хостелдерде өзүбүз даярдадык. Бардык катышуучулар мусулмандар болгондуктан, курамында чочконун эти бар болгон азык заттар сатылып алынган жок. Ошондуктан бул боюнча эч кандай маселе болгон жок, анткени бардык жерде жок дегенде бир тамак эти жок да сунушталды.

Программа: Эки жумалык программа убакыт жана мазмуну боюнча аябай талаптуу болду.  Мазмуну жагынан студенттердин Бишкектеги даярдыгы аркылуу бул программаны ишке ашыруу мүмкүн болчу. Кесиптик жана маданият программасын тандоо жана топтоо катышуучулар тарабынан аябай жакшы бааланды.

Бардык жерлерде кыргыз студенттерин ынак, жакшы кабыл алышты. Аларды университеттердин, ошондой эле илимий изилдөө институттардын структуралары менен тааныштырышты жана илимий изилдөө жүргүзүүчү талааларга  алып барышты. Эки мамлекеттердин ортосундагы айырмачылыктарды, ошону менен бирге алар менен байланыштуу болгон мүмкүнчүлүктөрдү/коркунуч- тобокелдерди таанып билүү максатына жетти. Өзгөчө, кыргыз жана немис студенттеринин жеринен сүйлөшүүсү аябай бааланды. Кээ бир студенттер өздөрүнүн магистердик же доктордук окуусунун бир бөлүгүн Оснабрюк колдонмо илимдер университетинде же Клеведеги Рейн- Ваал университеттеринде өткөзөрүн элестете алышат.

Окутуу тармагындагы кызматташууну күчөтүү боюнча биринчи ойлор жана байланыштар жашылчаларды талаада өстүрүүнү илимий изилдөө борборунда (д-р Катрошан), Оснабрюк университетинде (проф. Траутц) жана Рейн- Ваал университетинде (проф. Дарр) болду. Проф. Дарр өзүнүн студенттери менен Манас университетине келип кетүүнү пландады.

Жалпы пикир (эскертүү): ДААД тарап ушул окуу- таанышуу программасын Германия тараптан уюштуруу жагына колдоо көрсөтүүнү же жергиликтүү бир немис(тер) аркылуу жүргүзүүнү ойлонуусу керек.  Даярдануудагы жана сапарды жүргүзүүдөгү байкоолорумдун жана тажрыйбамдын негизинде Германия тарапсыз же жергиликтүү немиссиз сапарды жүргүзүүгө күмөнүм бар.

Суроолор үчүн дайыма кызматыңыздардамын